Абды Суеркулов айыл аймагы

Башкы бет

БИЗ ЖӨНҮНДӨ

Абды Суеркулов айыл аймагы жөнүндө жалпы маалымат

Географиялык жайгашуусу:
Абды Суеркулов айыл аймагы райондук борбордон 18 км, облустук борбордон 270 км алыстыкта жайгашкан. Бишкек-Ош жолу айылдын так ортосунан өтөт. Төркөн айыл аймагы түндүгүнөн Бел-Алды айыл аймагы, түштүгүнөн Токтогул айыл аймагы менен чектешет.
Айыл аймак негизинен тоо этектериндеги жантайыңкы түздүктөрдө жайгашып, деңиз деңгээлинен 900-1300 метр бийиктикте орун алган. Аймактагы жерлер негизинен мал чарбачылыгына ылайыктуу, жакынкы жайыттардын аянтында жайгашкан.

Калктын саны:
Айыл аймакта 1 771 кожолук, жалпы 11 254 киши жашайт. Алардын ичинен 5 790 – эркектер, 5 464 – аялдар.

Айыл аймактын курамы:
Айыл аймакка үч айыл кирет: Төркөн, Көтөрмө жана Карагай. Жалпы аянты 92 550 м² же 72 679 га түзөт.

Калктын негизги ишмердүүлүгү:
Айыл аймактагы элдин негизги киреше булагы – дыйканчылык жана мал чарбачылыгы.

Муниципалдык инфраструктура:
Айыл аймакта жалпысынан 19 муниципалдык объект бар, анын ичинде:

  • 4 мектеп
  • 1 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП)
  • 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (СВА)
  • 1 айыл өкмөт имараты
  • 1 клуб
  • 4 китепкана
  • 2 бала бакча

Бизнес жана ишкердик:
Айыл аймактагы ишкердик субъекттери төмөнкүдөй:

  • 34 соода түйүнү
  • 1 май куюучу жай
  • 3 кум-шагыл блокторун чыгаруучу цех
  • 13 мончо
  • 1 жыгач тилүүчү цех (пилорама)
  • 7 тегирмен
  • 4 ашкана
  • 1 күрөш залы
  • 2 кичи футбол аянтчасы

Коомдук уюмдар:

  • 1 аксакалдар соту
  • 1 аялдар кеңеши
  • 1 жаштар комитети
  • 1 айылдык ветеринардык пункт (АВП)
  • 3 коомдук тартипти сактоо комитети (СООППВ)
  • 4 мечит имамы

Айылдык кеңеш:
Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар, алардын ичинен 7си аял. Төрт туруктуу комиссия иш алып барат:

  1. Бюджет, финансы, инвестиция, экономика жана муниципалдык менчик маселелери боюнча.
  2. Коопсуздук, мыйзамдуулук, депутаттык этика, спорт жана маданият маселелери боюнча.
  3. Агрардык саясат, өзгөчө кырдаалдар, экология жана туризм маселелери боюнча.
  4. Жарандардын кайрылуулары боюнча.

Айыл өкмөт кызматкерлери:
Айыл өкмөттө 20 муниципалдык кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 9у аял.

Социалдык инфраструктура жана турмуш:
Абды Суеркулов айыл аймагы – социалдык инфраструктурасы өнүккөн, маданий жана руханий жашоосу активдүү айыл.

  • 1997-1998-жылдары менчиктештирүү жүргүзүлгөн.
  • 2021-жылдын 1-январына карата жалпы калк саны – 11 254 адам, анын ичинен өтө жакырлар – 900, жакырлар – 986, орточо жакырлар – 1 618.

Билим берүү жана медицина:
Аймактагы билим берүү мекемелери заманбап окутуу ыкмаларын колдонуп, ата-энелер интернет аркылуу балдарынын билим алуусун көзөмөлдөй алышат.
Саламаттыкты сактоо мекемелери жаңы технологияларды колдонуп, квалификациялуу дарыгерлер кызмат көрсөтүшөт.

Маданият жана спорт:
Маданий иш-чаралар элдин руханий байлыгын өнүктүрүүгө багытталган. Салттар менен үрп-адаттарды сактоо, жаштардын спорт менен алектенүүсүн жана сергек жашоону жайылтуу максатында ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.

Коммуналдык кызматтар:
Айыл аймакта таза суу менен камсыздоо, ирригация, жарыктандыруу, көрктөндүрүү, ички жолдорду жана көпүрөлөрдү тейлөө муниципалдык ишканалар тарабынан жүргүзүлөт.

Айыл чарба:
Айыл аймактын көпчүлүк жашоочулары дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Учурда айыл чарба өндүрүшүндө негизинен мал чарбачылык артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Айылда 1 447 чарба катталган жана 10 832 жаран санарип аймакта каттоодон өткөн.

Абды Суеркулов айыл аймагы – экономикалык жана социалдык жактан туруктуу өнүгүп жаткан айылдык аймак болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

 17-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу 

 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

18-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин жалпы принциптери

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык жана жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлар аркылуу жарандардын эрк билдирүүсү;

5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;

8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;

9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;

10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.

ЖӨБ органдарына тиешелүү сайттарга шилтемелер

Абды Суеркулов айыл аймагынын байланыш маалыматтары

Телефондор;
0(3747) 6 01 41
Факс:
0(3747) 6 01 41
Электрондук дарек:
torken_ao@mail.ru
Дарек:
721618, Торкент а. Айдаралы көч. 48